Ош мамлекеттик университетинин медициналык клиникасында 17-октябрь күнү кезектеги бөйрөк алмаштыруу операциясы ийгиликтүү жасалды. Таш-Көмүр шаарынын тургуну, 45 жаштагы аялга 71 жаштагы апасы донор болуп, бир бөйрөгүн берди. Бейтаптын абалынан жана дарыгерлердин ишмердүүлүнөн кабар алуу үчүн кечээ, 20-октябрда ректор Кудайберди Кожобеков клиникада болду.