Нарын облусунун Ак-Талаа райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын алдында фермерлерди тейлөө борбору ачылды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Аталган башкармалыктын башчысы Уланбек Казиевдин айтымында, дыйкан жана фермерлерге айыл чарба тармактары боюнча өз убагында кызмат көрсөтүү, кеп-кеңештерди берүү максатында фермерлерди тейлөө борбору ачылып, туруктуу иш алып барат.
"Бизде айыл чарба тармагы боюнча мекемелер чачкын жайгашкандыктан улам, айылдардан жумуштап же кандайдыр бир кеп-кеңеш алууга келген дыйкан жана фермерлер убаракерчилик тартып келишкен. Дыйкан жана фермерлердин убаракерчилигин жоюу максатында фермерлерди тейлөө борборун ачтык. Борбордо ар дайым айыл чарба тармагына тиешелүү адистер отурушат. Алар кайрылган дыйкан жана фермерлерге бардык суроо-суннуштарына жооп берип, кандай жардамдар керек болсо багыт берип турушат", - деди Уланбек Казиев.
--
Отправлено из Mail для Android