Ак-Талаа; Ким иштебесе, чекеге чыгарып коюп кете беребиз!

turmush
Скачать
Просмотров: 9
 
Опубликовано 16 Июля 2025, 21:53

Нарын облусунун Ак-Талаа районуна иш сапары менен келген облусу башчысы Нурбек Сатаров бир нече иштерди сынга алды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, кечээ 16-июль күнү Кыргыз Республикасынын президентинин Нарын облустук ыйгарым укуктуу өкүлү Нурбек Сатаров жаңы дайындалган акимди жамаатка тааныштырууга келген учурда мал базардын курулушунун бүтпөй жаткандыгын, райондук жалпы дарыгерлик практикалык борборунун айланасы, Ак-Тал айылы таштанды экендигин айтып, сынга алды. Мындан тышкары, райондогу мекеме-ишкана жетекчилер ротация болорун эскертти.

"Талап күчтүү болот. Өткөндө эле келип кеттик эле. Мал базар эмне болду? Мен келип кеткенден кийин эмнесин жасады? Акча жокпу? Мен бир дагы кыймыл көргөн жокмун. Акчаны чечтирип алып, жакшынакай нерсени бүткөрө албай жатабыз. Бүткөрүш керек. Жолдош прокурор, мал базардан баштагыла. Карап чыккыла. Ким күнөөлүү экендигин. Убакыт жок. Кечирип койгула. Айыл өкмөттөр дагы, мекеме жетекчилер дагы иштегиле", - деди облус башчысы Нурбек Сатаров.

Мындан тышкары, райондук оорукананын айланасы таштанды экендигин айтты.

"Ишембилик боюнча өткөндө эле айттым эле. Элементарно, оорукананын тегерек чети. Бул оорукананын кире бериши да. Карап койбойсуздарбы. Эки-үч киши менен чыгып, өзүңүздөр деле тазалап койбойсуздарбы. Борбордук жол экен. Кирип-чыкканым эле. Жолдогу айылдар, Ак-Тал айылы. Мындай колубуздан келгенин, мүмкүнчүлүгүбүз жеткенин жасап коёлу да. Калганына биз жардам берели. Мирлан мырза (аким Мирлан Камчыбеков) жетекчилер боюнча тапшырма берилген. Менимче, бул боюнча прокуратурадан дагы сунуш түшөт. Бардык жетекчилердин ротация маселесин карагыла. Министрликтерге сунуш бергиле. Биз дагы бердик. Иштеш керек. Бардык мүмкүнчүлүктөрдү жумшайбыз. Биринчи келгенде эле айткам. Ак-Талаага болгон аракетимди жасайм дегем. Жергиликтүү кеңештин депутаттары менен дагы жолуктум, азыр аксакалдар менен дагы жолугуп айттым. Интриганы токтотолу. "Бул келет, бул кетет" дегенди. Бизге эч кимдин кызыкчылыгы жок. Ким болсо ошонусу менен иштеше беребиз. Мына Мирлан мырзанын бир досу, бир бир тууганы жок. Меники дагы ошондой. Ким иштейт, иштеп кете беребиз. Ким иштебейт, чекеге чыгарып кете беребиз. Күч структураларынан дагы ушуну суранып кетем. Тартипти кармап бериңиздер. Иштебейби, эч кимге убакыт берьеңиздер",-деди облус башчысы.

--
Отправлено из Mail для Android