-
Категория
Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Кара-Бүргөн айыл аймагындагы Кайырма каналынын башына суу алуучу жай курулат. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Ак-Талаа райондук суу чарба башкармалыгынын башчысы Эркинбек Искеновдун айтымында, аталган айыл аймактын Жаман-Даван суусунан Ак-Чий жана Кара-Бүргөн айылынын айдоо аянттарына Жаңы-Чегиртке жана Кайырма каналы аркылуу сугат суусу чыгат. Жаңы-Чегиртке каналы суу чарба башкармалыгынын карамагында болгондуктан сугат суусун берүүдө көп деле түйшүк жаралбай келген болсо, ал эми оң тарабындагы Кайырма каналы буга чейин суу пайдалануучулар бирикмесинин карамагында болгон.
"Кайырма канал дыйкандардын өзүнүн карамагындагы канал болуп, сугат мезгилинде дыйкандар каналга суу алууда абдан чоң көйгөй жаралып келген. Дыйкандар каналга сууну эски техниканын же кол күчү менен салып кыйналып келишкен. Анысы аз келгенсип каналды дагы кол күчү менен казып, тазалоого мажбур болуп келишкен. Мындан улам, өткөн жылы Кайырма каналы суу чарба башкармалыгынын карамагына алынган. Былтыр каналдын 3 чакырымы, быйыл 2 чакырымы, жалпы 5 чакырым узундушу казылып, тазаланып, дыйкандарга сугат суу берүү кыйла жакшырды. Каналга Жаман-Даван суусунан сугат суусун жеңил алуу максатында башкы суу алуу курулмасын куруу үчүн республикалык бюджеттен 800 миң сомдун айланасында каражат каралып, суу курулмасын куруу иштери башталуу алдында турат. Учурда, керектүү бардык курулуш материалдары алынып келинген. Жакынкы күндөрү сугат суу берүү токтогон учурда курулуш иштерин баштайбыз", - деди Э.Искенов.
Ал эми Кара-Бүргөн айылынын дыйканы Талант Жусупбеков канал суу чарба башкармалыгына өткөндөн бери сугат суу менен камсыздоо иштери жакшыргандыгын айтты.
"Буга чейин өзүңөр билгендей сугат сууга жетүүбүз абдан кыйын болчу. Эски сары трактор менен сайдан сууну каналга салып алуу түйшүк жаратып келген. Суу чоң келген кезде башын алып кетип, сугат суусуна жетпей калчубуз. Бир жылда бир жолу сугарып калганга араң үлгүрчүбүз. Азыр кудайга шүгүр. Дан эгиндери бизди сугарып бүтүп, тоют өсүмдүктөрүнө экинчи сугатына суу алып жатабыз. Буга чейин беле, эспарцеттерди бир эле жолу сугаргандыктан, экинчи чабык өспөй калчу. Буюрса, эми экинчи тоютубузду дагы чаптырып алабыз деп турабыз", - деди Т.Жусупбеков.
--
Отправлено из Mail для Android