Камчыбек Ташиев Оштун мэрине президенттин атынан автоунаа тапшырды

turmush
Скачать
Просмотров: 9
 
Опубликовано 9 Июля 2025, 14:35

Бүгүн, 9-июль күнү Минстрлек кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Ош шаарында өткөрүлгөн жыйындан кийин Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаевге автоунаа тапшырды.

“Урматтуу жетекчилер, акимдер да бул жерде? Акимдер да турасыңар, ээ? Мына бул автоунааны урматтуу президентибиз Садыр Нуркожоевич “жакшы иштегени үчүн” деп Ош шаарынын мэрине белекке берди. Ош шаарынын мэринин бүгүнкү күндө жасаган жумуштары президентибизге жагып жатат. Президентибиз айтып жатат: “башка мамлекеттик кызматкерлерге да үлгү болсун, аларга да берели”,- деди. Бергенде да бул белекти урматтуу президентибиз, “жеке өзүнө берилсин” деп жатат. “Менчик катары берем, ушуну жеткизип кой” деп менден суранып жатат.

Сизге рахмат, ишиңиз ийгиликтүү болсун, ден соолукта болуңуз, жакшы иштеңиз, ээ?! Мындай кийин да жакшы иштеңиз. Жылдан бирден белек алып турсаңыз жакшы болот”,- деди Ташиев.

Андан ары УКМКнын төрагасы мамлекет башчы – президент кубана турган иштерди жасоо бардык мамлекеттик кызматкерлерге буйруган болсун деп айтты.