Улуттар аралык кастыкты козутууга шектүү жаран Бишкек шаарынан кармалып,Ош шаарына алынып келинди

turmush
Скачать
Просмотров: 2709
 
Опубликовано 8 Июля 2025, 14:31

Маалым болгондой, Ош шаарынын ички иштер башкармалыгынын экстремизмге, мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын кызматкерлери тарабынан Бишкек шаарында жашынып жүргөн жеринен улуттар аралык кастыкты козутууга шектүү катары Ош шаарынын тургуну, 1989-жылы туулган М.Ш. кармалып келинди.

«Ал жасаган кыймыл-аракети үчүн изделип жаткандыгын билип, Бишкек шаарына из жашыруу үчүн качып кеткен. Милиция кызматкерлеринин жүргүзгөн ыкчам иш-аракеттеринин натыйжасында анын Бишкек шаарындагы дареги такталып, кармалды. Кечээ күну Ош шаарына алынып келинди. Ал жеке инстаграмм баракчасы аркылуу мыйзамсыз чакырыктарды жасаганы үчүн шектүү катары кармалып, анын кыймыл аракетине баа берүү үчүн Ош ШИИБдин тергөө кызматына өткорүлүп берилди.»,- деп айтылат маалыматта.

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.