Таласта терезесин уруксатсыз караңгылаткан айдоочуга 20 миң сом айып пул салынды

turmush
Скачать
Просмотров: 133
 
Опубликовано 13 Июня 2025, 12:13

Талас шаарында «KIA K5» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусуна терезелерин уруксатсыз караңгылатып айдап жүргөнү үчүн 20 миң сом айып пул салынды. Бул тууралуу Талас облустук ички иштер башкармалыгынын жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы билдирди.