Кара-Суудагы Чаар-Айгыр көлүнө 60 000 балык кое берилди

turmush
Скачать
Просмотров: 239
 
Опубликовано 21 Мая 2025, 10:20

Ош облусунун Кара-Суу районунун Папан айыл аймагындагы Чаар-Айгыр көлүнө 4 түрдүү 60 миң даана балык кое берилди. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Ош аймактык башкармалыгынын өзгөчө корголучу жаратылыш аймактары жана биотүрдүүлүк бөлүмүнүн Кара-Суу району боюнча аңчы адиси Урустам Абдыкеримов билдирди.