Ак-Талаа районунда жер титирөө катталып, бир нече турак-жайлардан жарака кетти

-
Категория
Нарын облусунун Ак-Талаа районунда болгон жер титирөөдөн улам 4 айылда айрым үйлөр жаракалар кетти. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Маалым болгондой, кечээ 12-май күнү болжол менен саат 12:38 чамасында Жаны-Талап айыл аймагында күчү 5,40 ка жер титирөө катталып, жыйынтыгында Тоголок Молдо айыл аймагына караштуу Кадыралы, Кара-Ой, Жаңы-Талап жана Ак-Кыя айылында бир нече жашоочулардын үйлөрүнөн жана 3 орто мектепте жарака кеткендиги кабарланды.
Тоголок Молдо айыл өкмөтүнүн башчысы Съезбек Мыктыбеков учурда, айылдарды кыдырып, жер титирөөдөн улам жабыр тарткан үйлөрдү тиешелүү кызмат адамдары кыдырып жүрүшкөндүгүн айтты.
"Баарына белгилүү болгондой, кечээ 12+май күнү эки жолу удаа-удаа жер титирөө болуп өттү. Биринчиси, эртең мененки саат 07:30 да жана түштө саат 12:30 дар чамасында жер титирөө катталды. 12:30 да болгон жер титирөөнүн күчү 5 баллга жеткендигин айтып жатышат. Мага жеткен маалымат боюнча жер титирөөнүн очогу Ак-Кыя жана Жаңы-Таовп айылынын орто ченинде тоо тарапта болгондугу болжолдонууда. Кечээ, райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери менен биргеликте айылдарды кыдырып, жарака кеткен турак-жайларына каттоо иштери башталган. Бүгүн дагы каттоо иштери жүрүп жатат. Кадыралы айылында 8 үй катталды. Эми ал жерде өтө чоң деле жарылган үйлөр жок. 1-2 сантиметрге чейин дубалдары ачылып кеткендери бар экен. Көбүн эсе эски үйлөрдөн жарака кеткен. Ошондой эле, Кара-Ой айылында 8 үйдон жарака кеткендиги белгилүү болду. Ал эми бүгүн 13-май күнү дагы кыдыруулар, аныктоо иштери жүргүзүлүп жатат. Бүгүнкү күндө Ак-Кыя айылында 57 үй болду. Эми таптакыр кирүүгө болбой калган үй жок. Учурда, Жаңы-Талап айылын учурда кыдырып жатышат. Мындан тышкары, Кадыралы айылындагы Сүйүнбек Атамбеков атындагы орто мектебинде, Кара-Ой айылындагы Жоробек Сатылганов атындагы орто мектебинде жана Жаңы-Талап айылындагы Байымбет атындагы орто мектебинде бир аз жарылып кеткен жерлер бар. Бул маалыматты айыл өкмөттүн өзгөчө кырдаалдар боюнча адисибиз өзгөчө кырдаалдар бөлүмү менен бирге жүргөндүктөн мага маалымат берүүдө", - деди айыл өкмөт башчысы.
Ак-Талаа райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмү учурда аныктоо иштери жүрүп жаткандыгын, бардыгы аныкталгандан кийин толук маалымат беришерин билдирди.
Ал эми Жаңы-Талап айылынын жашоочулары жер титирөө катуу болгондугун, айрым үйлөрдүн кеткен жаракасынан сырт көрүнүп калгандыгын, дүкөндөрдө текчеде турган оокаттар ыргып жерге түшкөндүгүн айтышууда.
--
Отправлено из Mail для Android