Ак-Талаа; Үгүт айылынын тургуну көчө оңдоо иштеринин жүрүшүндө нааразы болду

turmush
Скачать
Просмотров: 181
 
Опубликовано 7 Мая 2025, 11:23

Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Баетов айыл аймагына караштуу Үгүт айылында көчө кеңейтүү иштеринде жергиликтүү тургун нааразы болду. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, аталган айылдын түндүк тарабындагы четинде жашаган тургуну Жаныбек Матиев жана анын жубайы Нуркамал Карымшакова жашаган үйүнүн алдынан көчө чыгарылып жаткандыгын жана көчө боло турчу тилкеде электр мамылар 1 жылдан бери алынбай тургандыгын айтып нааразы болушууда.

"Ушул жерди жол кылабыз деп, бир кошунанын кызыкчылыгы үчүн иш башташты. Былтыртан бери кыйналып жүрөбүз. Барбаган жерим калган жок. Аким, облус башчысы бардыгына кайрылдым. "Ооба, сиздики аткарылат" дейт. Бул жерге канча комиссия келди. Айылдык кеңештин депутаттары,келди, айыл өкмөт башчысы келди, архитектурадан, госрегистрден келишти. Биздин алма багыбыздын баарын талкалатып, туурасы 12 метр көчө кылабыз дешкен. 12 метр кылгыдай шаар беле. Эми келип шагыл төгүп кетишти. Биз "электр мамыларын алгандан кийин шагыл төккүлө" деп сурандык. Булар электр мамыларын алынат деген. Болгону 6 карагай. Аны албай туруп, шагыл төгүп, так эле үйүбүздүн түбүнөн жол чыгарып кетүүнү көздөп жатышат. Мурда бул жакта көчө жок болчу. Кийин эле кагазга чие калышып, көчө бар деп жатышат", - деди Нуркамал Карымшакова.

Ал эми Үгүт айыл башчысы Өмүрбек Чыныбаев учурда айылда көчөлөргө шагыл төгүлүп, айрым көчөлөр кеңейтилип жаткандыгын айтты.

"Бардыгыңыздарга эле белгилүү болгондой, учурда бардык эле айылда болобу, шаарда болобу, көчөлөрдү кеңейтүү, кызыл сызыктан чыгып кеткен объектилерди алуу, көчөлөрдү оңдоо иштери жүргүзүлүп жатпайбы. Биздин айылда дагы ушундай иштер жүргүзүлүп баштады. Айылдын күн батыш тарабындагы 400 метр көчөгө шагыл төктүк. Мындан тышкары, Болот көчөсүнө шагыл төктүк. Эски көчөлөрдү кеңейтип, оңдоо иштерин баштап жатабыз. Ал эми Нуркамал эже нааразы болуп жаткан Манапбай Мойдиев көчөсү мурда бар болчу. Болгону 4-5 гана жашоочу жашагандыктан буга чейин каралбай, айрымдар көчөнү бакчасына кошуп тосуп алышкан экен. Ошол көчөнү кеңейтүү, шагыл төгүү иштерин баштаганбыз. Ошондон бери эле ушул эже каршылык көрсөтүп келет. Ал тургай склады кызыл сызыктан 2 метр чыгып кеткен. Ал эже буга чейин "жол бербейм" деп чырдап келген. Эжеге мурда көчө экендигин айтып, картадан көрсөтүп берип, араң макулдаттык. Кудай буюрса, иш күн башталса, райондук электр тармактар ишканасы 6 даана электр мамысын нары жылдырып беришсе, төгүлгөн шагылдарды түздөп, таптап, көчөнү оңдойбуз. Ошол жер баткак болбой, кең көчө болуп калса жаманбы. Бардыгы эле мыйзам менен иш алынып бара жатат", - деди Өмүрбек Чыныбаев.


--
Отправлено из Mail для Android