Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Ала-Буга айыл аймагына караштуу Кош-Дөбө айылында үй-жайын суу каптап жаткан жалгыз бой эненин көйгөйү убактылуу чечилди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Маалым болгондой, буга чейин аталган айылдын тургуну Айзат Мааданбекова каналдын эскилигинен, көзөмөлдүн жоктугунан жана суунун көтөрүлүшүнөн улам Ак-Жар суусунан бетте каналы аркылуу агып келүүчү сугат суусу 2 күндөн бери үй-жайын каптап жатканын айтып нааразы болгон.
Ал эми айыл өкмөт башчысы Улук Нуралиев сууну сайга салышканын айтты.
"Ак-Жар сайында күн ысыгында суунун көлөмү көтөрүлүп, щиттен дагы ашып, берки каналга дагы кирип кетет. Эже кайрылган түнү барып, сууну сайга салып, каналдын башын тостук. Бетон каналдардын дагы эскилиги жетип, түбү тешилип калган экен. Башкы суу бөлүштүрүүчү жайдагы щит дагы көтөрүлбөй калган экен. Аны жалгыз киши көтөрө албайт. Көптөп көтөрүп, суугу сайга салып жибердик. Эженин өзүн дагы алып барып көргөздүк", - деди Улук Нуралиев.
Бирок, Айзат Мааданбекова кечээ 1-май күнү кайрадан эле каптап жатканын айтып чыкты.
"Каналдын башына шагыл төгүп бекемдешкен экен. Кечээ эле кайра каналга суу салышты. Бул эмне деген жорук. Бетон латокту оңдобой туруп кайра салышты, кайра эле суу каптап баштады. Айыл өкмөткө айтсам, кайра келип токтотуп берди. Латокту алмаштырмайынча болбойт десем, көнбөй жатышат. Учурда убактылуу токтоп турат. Каналдын башындагы шагылын суу агызып кетсе кайра жок каптайт да. Бул.эми убактылуу эле жасап коюшту",-деди ал.
--
Отправлено из Mail для Android