Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Кара-Бүргөн айыл аймагына караштуу Кара-Бүргөн айылындагы таза суу чорголору оңдолууда. Бул тууралуу аймактык билдирди.
Айыл өкмөттүн ишке ашыруу кызматкери Акыл Дүйшөналы уулунун айтымында, аталган айылда жалпы 10 даана таза суу чорголору оңдоодон өткөрүлүп, 1 суу чоргонун жайгашкан дери алмаштырылды.
"Күн жылыгандан бери муниципалдык ишкананын жана айыл өкмөттүн кызматкерлери тарабынан көчөдөгү суу чорголорун оңдоо иштерин жүргүзүп келе жатабыз. Жалпы 10 суу чоргонун оңдогонбуз. Ал эми ошондой борбордук көчө менен Гүлбара Шералиева көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан суу чоргонун ордун которууга туура келди. Анткени, мурун таза суу долбоору менен көчөнүн ортосуна чукул жерге жайгашып калган экен. Андан улам ал кесилишинен унаалар бурула албай, тар болуп, айдоочуларга ыңгайсыздык жаратып келген. Ал чоргону кесилиштин күн чыгыш тарабына койдук. Көчө кеңейип, жакшы болуп калды", - деди А.Дүйшөналы уулу.
--
Отправлено из Mail для Android