Ак-Талаа; Байгөнчөк айылынын дыйкандары Терек-Сайга БСР куруу сунушун айтышты

turmush
Скачать
Просмотров: 28
 
Опубликовано 13 Апреля 2025, 13:22

Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Баетов айыл аймагына караштуу Байгөнчөк айылынын дыйкандары Терек-Сай суусуна сугат суу топтоочу жайын куруу зарылдыгын белгилешти. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Өткөн аптада Жогорку Кеңештин депутаты катышкан элдик жыйында аталган айылдын тургуну Бакай Орозбаев аталган суунун чордонуна сугат суу сактагычын курбаса, суу тартыштыгынан улам дыйкандарга кыйынчылык жаралып жатканын билдирди.

"Жылдан жылга кургакчылык каптап, сугат суусу тартыш болуп, дыйкандарга кыйын болуп бара жатат. Бизге, Кайыңды-Булак айылынын жанынан кичинекей булактын суусу менен эле калабыз. Жаз мезгилинде ошол айылдын ылдый жагына Терек-Сай суусуна чакан сугат сууларын топтоочу бассейн куруп беришсе сонун болот эле. Жаз мезгилинде сайдан чоң суу жөн эле ашып кетип жатат. Ошол сууну топтоп алсак, сугат сууларынан пайдаланат элек. Акыркы убакытта тоют өсүмдүктөрүбүздү, дан эгиндери бир эле сугарып калып жатабыз. Мындай темп менен кете берсек тоют, дан эгиндерин өстүрө албай калабыз. Буга чейин элдик курултайга барып дагы кат киргизип келгем. Өткөндө Нарынга айыл чарба министри Бакыт Төрөбаев келгенде дагы ушул маселени айттым. Бул боюнча Нарын облустук суу чарба башкармалыгынын башчысы Байыш Үтүровичке дагы "жеринен көрүп, боло турган болсо титулкага киргизип бергиле" деген тапшырма берилген. Кескен-Бел жана Карды-Жарык чөлкөмүнө суу сактагыч куруу титулкага кириптир. Быйыл башталат деп жатышат. Кескен-Белге мурун союз учурунда куруу пландалып, орду туруп калган экен. Ал жерге курса болот. Бирок, Карды-Жарыкка эмес, биз айткан жерге курушса Байгөнчөккө дагы, Ичке-Суудан дагы, Үгүткө дагы суу жетип калмак. Карды-Жарыкка курганда биз калып кетип жатпайбызбы. Байгөнчөктө эле 300 гектар аянт, Ичке-Сууда 350 гектар, Карды-Жарыкта 150 гектар бар. Ошондой эле, Байгөнчөк айылынын этегиндеги бош жаткан жерге дагы суу жетип калат эле", - деди Б.Орозбаев.

Ал эми келген өкүлдөр, атайын адистер келгенде көргөзүшөрүн айтты.



--
Отправлено из Mail для Android