Ак-Талаа; Айыл башчылар муниципалдык кызматкерлерге кирбейт

turmush
Скачать
Просмотров: 86
 
Опубликовано 13 Апреля 2025, 11:55

Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Баетов айыл аймагына караштуу Үгүт айыл башчысы айыл башчыларга муниципалдык кызматкер статусунан ажырап калышкандыгын айтты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, өткөн аптада Жогорку Кеңештин депутаты жана район акими катышкан элдик жыйында аталган айылдын айыл башчысы Өмүрбек Чыныбаев айыл башчылардын жумуш ордун штаттык бирдикке киргизип койсо болобу деген суроо узатты.

"Айылдар ирилештирилгенден кийин айыл башчылардын жумуш ордун түзүлгөн эле. Ошондон бери муниципалдык кызматкер статусунда элек. Бирок, өткөн жылдын апрель айынан бери айыл башчылардын жумугэш орду жоюлуп, кайра келишимдин негизинде иштөөнү киргизип койду эле да. Айыл башчыларга деле келишимдик негизде иштеген кыйын болуп жатат. Ошол айыл башчылар үчүн штаттык бирдик ачылып, муниципалдык кызматкер катары кылууга болобу?", - деди ал.

Ал эми келген өкүлдөр, бул маселе республика боюнча көтөрүлүп жаткандыгын, бирок маселе чечиле электигин, ошондой эле бул маселени министрлер кабинети өзүнүн жобосу менен чечерин айтышты.

Ак-Талаа району боюнча Ала-Буга, Кара-Бүргөн, Баетов жана Тоголок Молдо айыл аймагы түзүлгөн.

- Ала-Буга айыл аймагында, учурда Кош-Дөбө, Жерге-Тал жана Коңорчок айылында 3 айыл башчы,
- Кара-Бүргөн айыл аймагында Жаңы-Тилек жана Кара-Бүргөн айылында 2 айыл башчы,
- Баетов айыл аймагында Терек, Үгүт, Кайыңды-Булак жана Байгөнчөк айылында 4 айыл башчы,
- Тоголок Молдо айылында Ак-Кыя, Ак-Тал, Кара-Ой (Тоголок Молдо) жана Кадыралы айылында 4 айыл башчы бар.

--
Отправлено из Mail для Android