Чүйдө «Лексус 570» унаасынын айдоочусу мас абалында токтотулду, - Чүй ОИИББ боюнча ЖКККБ

turmush
Скачать
Просмотров: 2758
 
Опубликовано 9 Апреля 2025, 11:22

Чүй облусундагы Бишкек-Торугарт ички унаа жолунда «Лексус 570» унаасынын айдоочусу мас абалында токтотулду.

Ал ЖКККБ кызматкерине баш ийбей качкан.

Бул тууралуу Чүй ОИИББ боюнча ЖКККБнын басма сөз кызматы билдирди.

2025-жылы 8-апрель күнү Чүй РИИБү боюнча ЖКК бөлүмчөсүнүн кызматкерлери Бишкек Торугарт ички унаа жолунун 53-чакырымынан жол коопсуздугун камсыздап жаткан учурда болжол менен саат 17:45 чамаларында «Лексус 570» унаасын кызматкерлер тарабынан токтотулган учурда айдоочу кызматкерлерге баш ийбей токтобой кеткен кызматкерлер артынан барып токтоткон учурда рулда 1985-жылы туулган М. А. Э. аттуу жаран мас абалында унаа башкарып бара жатканы аныкталган.

Бул факты боюнча айдоочуга КР укук бузуулар Кодексинин 193-185-беренелерние ылайык протоколдор толтурулуп, «Лексус 570» унаасын айып короо жайына токтотулду.