Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Жаңы-Талап айылынын жашоочулары Соң-Көл жайлоосуна барчу жолду оңдоодон өткөрүү зарылдыгын айтышты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Айыл тургуну Улукбек Жусупжанов аталган жайлоого барчу жолдун ахыбалы өтө начарлап кеткендигин айтты.
"Бул жол 1989-жылы курулган. Бул жол аркылуу Соң-Көл жайлоосуна жергиликтүү малчылар, чет элдик туристтер, ички туристтер жана Кара-Кечеден көмүр тарткандар катташат. Чындыгында жол кейиштүү абалга кептелди. Молдо-Ашуунун айрым жерлери бир унаа гана баткыдай жол болуп, жолдун үстүңкү катмарындагы инерттик материалдары калбай, жолдун таманынан оркойгон чоң таштар гана чыгып калды. Жергиликтүү жашоочулар эле эмес, туристтер деле кыйналып жатат. Унаалар жүрө албайт. Асфальт басуунун кереги жок, бирок шагыл төгүп, ашуудагы жолдун алабын кеңейтип, капиталдык оңдоодон өткөрбөсө жол чындыгында жол болбой калды", - деди У.Жусупжанов.
--
Отправлено из Mail для Android