Ак-Талаа; Дүйнө чемпиондору чыккан Жаңы-Талап айылына спорт комплексин куруу зарыл

turmush
Скачать
Просмотров: 412
 
Опубликовано 27 Марта 2025, 17:28

Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Жаңы-Талап айылынын спортчусу, эркин күрөш боюнча машыктыруучу Алмаз Кайыпов бийлик өкүлдөрүнөн чакан спорт комплекс курдуруп берүүнү өтүнүп келет. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, 24-март күнү аталган айылда Жогорку Кеңештин депутаты, район акими катышкан элдик жыйында машыктыруучу Алмаз Кайыпов 15 жылдан бери эмки мончонун имаратында балдарды машыктырып келгенин, жыйынтыгында эркин күрөш боюнча дүйнө чемпиондору чыкканын, бирок балдарды машыктырууда эч кандай шарт жок болуп жаткандыгын билдирди.

"Мындан 14 жыл мурун спортко салым кошуу максатында союз учурунда курулуп, кароосуз турган эски мончонун имаратын бир аз оңдоп-түздөп "Куртка" спорт клубун ачкан элем. Ушул 14 жылдан бери айылда 30 га чукул улан-кыздарды эркин күрөш боюнча машыктырып келем. Эч кандай эч жерден айлык акы албайм. Ушунча жылдан бери бийлик өкүлдөрүнө чакан спорт комплекс куруу боюнча сунуш билдирип келем. Бирок эч кандай колдоо болгон жок. Былтыртан бери спорт комплекс курууга аракеттер болуп жатканын угуп жатам. Ушул спорт залдан машыгып чыккан эркин күрөш боюнча Азиянын 3 жолку, өткөн жылы дүйнөнүн чемпиону болгон Асан уулу Өмүрбек, Азиянын чемпиону, дүйнөлүк чемпионатта күмүш медалдын ээси болгон Абдымалик Карачев, эркин күрөш боюнча 15 жаштагы өспүрүм кыздар арасында Азиянын чемпиону болгон. Мындан тышкары, республикалык ири мелдештерде ийгиликке жетишкен балбан балдарыбыз ушул спорт залдан чыккан. Дагы да болсо алдыда келечеги кең балбан балдарыбыз даярдалып жатат дегендей. Анан эми мончо мончолугун кылып коёт экен. Көк жыттанып, дубалдын түптөрү көгөрүп ыңгайсыздык жаратат. Спортчу деген таза жерде, таза абада машыгуулары керек", - деди Алмаз Кайыпов.

Ал эми район акими Жумадилла Жапаров спорт комплекс келерки жылы куруларын айтты.

"Билесиздер, облус башчысы өзү келип сиздер менен жолуккан. Спорт комплекс курууга өнүктүрүү фонддордун бирине сунушталган. Жалпы 56 млн сом. Бирок, комиссиянын отурумуна жетишпей калды. Анткени, экспертизадан өткөрүү өтө татаал экен. 2024-жылы фондун бюджетине кирбей калды. Учурда, экспертизадан өткөрүлдү, бардык тийиштүү документтери даярдалды. Ушул жылдын февраль айында каралат. Буюрса, май де июнь айларында курулушу башталыш керек", - деди район жетекчиси.
--
Отправлено из Mail для Android