Нарын облусунун Ат-Башы районунун Торугарт аймагында катуу шамалдан улам оор жүк тартуучу унаалар оодарылып жаткандыгы кабарланды. Бул тууралуу Нарын облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.
Маалым болгондой, бүгүн 27-март күнү Нарын аймагында аба ырайы кескин түрдө өзгөрүп, катуу шамал болууда. Катуу шамалдын кесепетинен улам Ат-Башы районунунда жана Торугарт аймагында үстүндө жүгү жок, кезекте турган айрым оор жүк тарткан автоунаалар катуу болуп жаткан шамалдан улам оодарылууда.
"Ошол себептен улам Кытай эл Республикасынан, Кыргыз Республикасынын аймагына Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолу аркылуу оор жүк тартып каттаган автоунаалардын айдоочуларына жолдо жүрүү учурунда жол коопсуздук эрежелерин толук сактап, зарыл ишти токтотуп Торугарт аймагына чыкпай турууга чакырабыз", - дейт Нарын облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү.
--
Отправлено из Mail для Android