Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Тоголок Молдо айыл аймагына караштуу Ак-Кыя айылынын тургуну айылда таза суу тартыш экендигин айтты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Маалым болгондой, 24-март күнү аталган айылда Жогорку Кеңештин депутаты жана район акиминин катышуусунда элдик жыйын өткөрүлүп, жыйындын жүрүшүндө айыл башчысы Алмазбек Белеков жаңы конуштарга таза суу жетпей жаткандыгын билдирди.
"Бизге таза суу тутуму булактардан агызып келүү ыкмасы менен киргизилген. Союз учурунда тармак (сетевой) системасында болчу. 2009-жылы оңдоо иштеринде тармактарын бууп салышыптыр. Учурда, айылга жаңы конуштар түшүп жатат. Муну менен бирге калктын саны өсөт. Жаңы конуштарга таза суу тартыштыгы жаралууда. Келечегинде айылда таза суу тартыштыгы жаралат. Ошондуктан, тармактарды ачып, таза суунун көлөмүн көбөйтүү зарыл", - деди ал.