Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Ак-Кыя айылынын жашоочулары унаа жолдогу айрым көйгөйлөрдү жөнгө салуу керектигин айтышты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Маалым болгондой, 24-март күнү аталган айылда элдик жыйын өткөрүлүп, анда жергиликтүү тургундар тарабынан Нарын - Ак-Тал-Чат - Казарман унаа жолунун Ак-Тал-Чат - Ак-Кыя унаа жол тилкесинин башталышына жана Ак-Кыя айылы тарапка буга чейин асфальт төшөлүп, ортодо 15 чакырым аралыгы таш жол боюнча тургандыгын, ошол таш жолго дагы асфальт төшөө керектигин билдиришти.
Мындан тышкары, ушул унаа жолдун чордонундагы Ак-Кыя жана Көк-Жар айылынын ортосундагы көпүрө 5 жыл мурун оңдоодон өткөрүлүп, кеңейтилгендигин, бирок көпүрөнүн сол ныптасындагы тосмо жаныртылбай калгандыгын айтып чыгышты. Мындан тышкары, айылга кетип бара жаткандагы кыянын алдындагы көпүрөнү суу жеп кетип, кайра калыбына келтирүүгө муктаждык жаралган. Убагында жол тейлөө ишканасы тарабынан көпүрөнүн астын бекемдөө иштери жүргүзүлгөн. Бирок, жолдун алабы тар болуп калып, карама-каршы чыккан унаалар жолго батпай, ыңгайсыздык жаратып жаткандыгын билдиришти.
Бул боюнча, жол тейлөө ишканасына тапшырмалар берилип, алар аткарууга алышарын убада кылышты.
--
Отправлено из Mail для Android