Кочкордо Нооруз майрамдалып жатат

turmush
Скачать
Просмотров: 87
 
Опубликовано 21 Марта 2025, 15:53

Кочкор районундагы маданият үйүнүн алдында Нооруз майрамы белгиленип жатат.

Turmush басылмасынын кабарчысы билдиргендей, райондук маданият бөлүмү тарабынан Нооруз майрамынын каада-салттары сахналаштырылып көрсөтүлдү. Анда байыркы элдин ачарчылык турмушта жашаганы, сүмөлөк кайнатуу, баба дыйкандын жер айдаганы, аластоо ырымы аткарылып, ак сакал карыя ак батасын бергени чагылдырылды.