Ак-Талаа; Жападан жалгыз нотариуста кезек күткөндөрдүн саны 60-70 ке жетүүдө

turmush
Скачать
Просмотров: 606
 
Опубликовано 19 Февраля 2025, 14:33

Нарын облусунун Ак-Талаа райондук нотариалдык кеңседе кезекке тургандар арбып, кезекте тургандардын ортосунда пикир келишпестиктер пайда болду. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Ала-Буга айылдык кеңешинин депутаты Акылбек Курманбаевдин айтымында, бүгүн 19-февраль күнү райондук мамлекеттик нотариустун алдында кезек күткөндөрдүн саны 70 ке чукулдап, алардын ортосунда пикир келишпестиктер дагы орун алган. Маалым болгондой, район боюнча жападан жалгыз бир гана нотариус иш алып барары белгилүү.

"Деле ушул биздин райондо нотариус көйгөйү көп жылдардан бери чечилбей келет. Жалгыз нотариус бар. Алыскы, жакынкы айылдардан, бери жагы 30-40 километр, нары жагы 70-100 километр жерден жол басып, жумуштап келебиз. Келсек жалгыз нотариуста кезек күткөндөр көп болот. Кечке чейин кезек күтүп, кезегибиз жетип ишибиз бүтүп калса го жакшы. Бирок, андай эмес. Кезегиң жетпей калса убара болуп кайра кетебиз. Канча убактың кетет, келип-кетип жүрө берип канча чыгым болобуз. Муну ойлогон эч ким жок. Бул жерде жападан жалгыз иштеп жаткан нотариуста күнөө жок. Ал жалгыз кызматкер. Кайсы бирине жетишет. Бизге дагы кошумча нотариус керек эле. Ушул көйгөй ушул күнгө чейин чечилбей, элдин орчундуу көйгөйүнө айланып келет. Бүгүн эле 70 ке чукул адам кезекте турдук. Кезек талашып кер-мур айтышып, керек болсо жакалашып урушканга чейин баргандар болду. Биякта эл кезек талашып, урушуп, бир-бирине нааразы болуп жатышса, бул көйгөйдү чечүүгө, кошумча нотариус ачып берүүгө эч кимдин деле аракет жоктой", - деди А.Курманбаев.
--
Отправлено из Mail для Android