Ак-Талаалык 12 балбан грэпплинг боюнча эл аралык мелдеште өзгөчө ийгилик жаратышты

turmush
Скачать
Просмотров: 100
 
Опубликовано 18 Февраля 2025, 17:09

Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Чолок-Кайың айылынын 13 балбаны жаштар жана чоңдор арасында грэпплинг боюнча эл аралык ачык турнирде алдынкы орундарды багынтышты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, аталган айылдагы спортчу Камчыбек Төлөпалды уулу негиздеген Рыскелди уулу Туратбек атындагы күрөш залынын 17 балбаны машыктыруучусу Камчыбек Төлөпалды уулунун жетекчилиги алдында 16-февраль күнү Бишкек шаарындагы Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында өткөрүлгөн эл аралык мелдешке катышып, жыйынтыгында 13 балбан жеңишке жетишти.

1-орунду багындырып, чемпиондук кур тагынган балбандар;

- 35 килограмм салмактагылар арасында 12 жаштагы Азирет Жунусбеков,
- 40 килограмм салмактагылар арасында 13 жаштагы Усман Токталиев,
- 57 килограмм салмактагылар арасында 14 жаштагы Ныязбек уулу Алишер,
- 61 килограмм салмактагылар арасында 15 жаштагы Умар Дөөлөтов
- 66 килограмм салмактагылар арасында 17 жаштагы Майрамбек уулу Адил,
- 71 килограмм салмактагылар арасында Төлөпалды уулу Бекзат чемпиондук курдун ээси болушту.

2-орунду ээлегендер;

- 30 килограмм салмактагылар арасында 11 жаштагы Азирет Бердибаев,
- 35 килограмм салмактагылар арасында 13 жаштагы Умар Аскаров,
- 40 килограмм салмактагылар арасында 13 жаштагы Али Садырбеков,
- 45 килограмм салмактагылар арасында 13 жаштагы Амир Жаныбеков,
- 52 килограмм салмактагылар арасында 16 жаштагы Алимырза Солдатбеков 2-орунду багындырды.

3-орун;

- 45 килограмм салмактагылар арасында 14 жаштагы Фархат Айнурбеков 3-орунду багындырды.

Машыктыруучу Камчыбек Төлөпалды уулу шакирттерин килем үстүндө гана жеңишке жетишпестен билим жагынан дагы жеңиштерге жетишүүсүн каалай

"Өткөн жылы Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими Гапыр Мадаминов агай Ак-Талаа районунун Баетов жана Кара-Бүргөн айылына келген экен. Ал агайдын келерин алдын ала угуп өз колумда машыгып жүргөн балдарды алып барып, агай менен жолугушканбыз. Жолугушуунун максаты - спортчу спорт менен гана алектенбестен ар тараптуу болуусу кажет. Албетте, спортто жеткен ийгиликтери кубандырат. Бирок, андан дагы артык билимдүү жана ыймандуу болуулары керек. Ошондон улам Гапыр Мадаминов агай менен жолугушуп, агайдын билим берүү сабагына катыштык. Баса белгилеп кетүүчү жагдай, 71 килограмм салмактагылар арасында күч сынашкан Төлөпалды уулу Бекзат жана 66 килограмм салмактагылар арасында күрөшкө түшкөн Майрамбек уулу Адил супер беттеште чемпиондук курга ээ болушкан.
Кошумчалай кетсем, өткөн жылдын 7-октябрь күнүнөн тарта 10-октябрга чейин Казакстандын Астана шаарында грэпплинг боюнча дүйнө чемпиондугу өткөрүлгөн. Ал чемпионатка 2 балбанымды алып баргам. Алар коло медаль үчүн күч сынашып, тилекке каршы байгеге илине албай калганбыз", - деди Камчыбек Төлөпалды уулу.

Камчыбек Төлөпалды уулу 2024-жылдын жыйынтыгы менен республикада "Жылдын мыкты машыктыруучусу" наамын алгандыгы маалым болду.

--
Отправлено из Mail для Android