Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Кара-Бүргөн айылынын тургуну Келдибек Исмаилов капкан менен дөбөт карышкыр кармады. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Жергиликтүү аңчы Келдибек Исмаиловдун өзүнүн айтымында, мындан 10 күн мурда Кара-Дөбө чөлклмүндөгү чаптарга 10 капкан койгон. Бүгүн 16-февраль күнү койгон капкандардын бирине 1 дөбөт карышкыр түшүп калгандыгы маалым болду.
"16-февраль күнү иним Алмаз Саалиев экөөбүз капкандарды карап келүү үчүн барганбыз. Келгенде эле капкандардын бирине бирөөсү түшүптүр. Капкан койгон чапка 4 карышкыр келиптир. Издеринен билинип турат. Капканды койгондон кийин сүйрөп кетпеши үчүн казык кагып, капканды чынжыр менен казыкка байлап коёбуз да. Барсак карышкыр капкан менен кошо жок. Жердин баарын казып, айда айланып жатып казык суурулуп кетип, карышкыр капканды сүйрөгөн боюнча берки карышкырлардын артынан ээрчип кетиптир. Ээрчип жүрүп, анан шайы кеткенде Кыяз-Чабынын бир коктусунда калыптыр. Изин кубалап жүрүп, акыры көрүп калып артынан кубалап жөнөдүк. Ал дароо эле чаптын суу жеп кеткен жылгага кире качты. Жылганын баш жагын Алмаз тосуп, мен этегин тосуп калдык. Анан эле Алмаз "карышкыр качып кетпесин" деген ой менен аңдын четин тээп жиберсе топурак көчүп, карышкырды басып калды. Ошентип карышкыр топурак-таштын алдында калып, экөөбүз кайра топурак-ташты казып, карышкырдын үстүнөн басып отуруп оозун байлап, жылгадан сүйрөп чыктык. Жакшы эле "тирүү алып келейин" дегем...бирок ал жер аң-чөнөк болгондуктан кыйналып калчудайбыз. Өлтүрөлү десек мылтыгыбыз жок же колубузда өлтүргүдөй эч нерсебиз жок болгондуктан, таш менен башка чаап өлтүрүп, көтөрүп алып унаага алып келдик. Унаабыз дагы алыс жакта калган эле да. 2024-жылдын кеч күздө Ача-Дөбө чөлкөмүнөн 1 дөбөт жана 1 канчык карышкыр алгам. Бул үчүнчү карышкыр", - деди К.Исмаилов.
--
Отправлено из Mail для Android