Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Улахол айыл аймагына караштуу Шор-Булак айылында чөөлөр атылды.
Айыл өкмөттүн маалыматына караганда, чөөлөр көбөйүп, айыл тургундарынын мал-жандыктарына зыян келитирип жатат. Мергенчилер жана балыкчылардын Ысык-Көл облустук коомдук бирикмесине кайрылуу жолдонуп, 2025-жылдын 1-феврал күнү 73 мергенчи келген. Алар айыл тургундары жана айыл өкмөттүн кызматкерлери менен биргеликте чөөлөрдү атып жок кылуу иш-чарасын өткөрдү. Шор-Булак айылынын аймагында жалпы 9 баш чөө атылды.