Чүй облусунун аймагында «Рулда» аталышындагы рейддик иш-чара өтүп жатат.
Чүй ОИИБдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн маалыматына караганда, рейддин алкагында бир түндө унааны мас абалда башкарган 11 айдоочу аныкталды. Ошондой эле унаанын алдыңкы терезелерин мыйзамсыз караңылатып алган 3 айдоочу аныкталып, жалпы 34 унаа убактылуу айып короого токтотулду.