Ак-Суу районунун 5 айылынын окуучулары лыжа тебүүнү үйрөнүп жатышат. Бул тууралуу лыжа боюнча машыктыруучу Алтынбек Амантуров билдирди.
Маалыматка ылайык, Сары-Камыш айылындагы лыжа тебүү аянтчасында Кыдыр-Аке айыл аймагынын бардык мектептеринин окуучулары лыжа тээп үйрөнүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү.