Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда атайын өрт кырсыгын уюштурган төрт шектүү кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 2025-жылдын 11-январь күнү таңкы саат 05:50 чамасында Ала-Бука РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Ала-Бука айыл аймагында курулуш материалдарын сатуучу соода борбору өрттөнүп жаткандыгын кабарлашкан. Аталган факты Ала-Бука РИИБдин тергөө кызматы тарабынан Кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 216-беренеси (башка бирөөнүн мүлкүн жок кылуу же бузуу) менен катталып, кылымш иши козголгон.