Ак-Талаа; Капканга карышкыр алган Нурболотко 10 миң сом берилди.

turmush
Скачать
Просмотров: 1685
 
Опубликовано 31 Января 2025, 16:13

Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Терек айылында капканга карышкыр алган Нурболот Карагулов 10 миң сом сый акы алды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Аталган айылдын тургуну Талант Боталиевдин айтымында, жергиликтүү аңчы жигит Нурболот Карагулов Ангел сайына карышкырларга каршы капкан койгон. Натыйжада, койгон капканына 1 жума мурун карышкыр түшүп, тоңуп өлүп калган. Ага бүгүн жергиликтүү жылкычылар тарабынан 10 миң сом акчалай сый акы берилгендиги маалым болду.

"Нурболот Карагулов өткөн жылы капканга 4 карышкыр алган. Быйыл, 1 ургаачы карышкыр алды. Кызыл-Там жана Кара-Талаа өрөөнүндө жылкысы бар тургундар "ким карышкыр атса же алса 10 миң сомдон сый акы берип туралы" дегенбиз. Бүгүн Нурболотко сый акысын алып келип тапшырдык. Бул ургаачы карышкыр экен. Жазында жок дегенде 4-5 бөлтүрүк туумак. Мындайча айтканда, Нурболот бир учурда 4-5 бөрүнү жок кылды десек болот", - дейт жергиликтүү тургундар.

--
Отправлено из Mail для Android