Ак-Талаа; Канчык карышкыр капканга түшүп, тоңуп өлүп калган

turmush
Скачать
Просмотров: 4107
 
Опубликовано 31 Января 2025, 12:15

Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Терек айылында капканга түшүп, тоңуп калган канчык карышкырды жергиликтүү тургундар видеого тартып алышкан. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Аталган айылдын тургуну Талант Боталиевдин айтымында, бүгүн 31-январь күнү Терек айылынын Ангел сайында капканга түшүп, тоңуп өлүп калган карышкыр табылганы айтылды.

"Айылда Нурболот Карагулов деген жигит бар. Жыл сайын карышкырлардын жолуна капкан коюп, карышкыр алат. Ангел сайынын ичине дагы койгон экен. Канчык карышкыр капканга түшүп, өлүп, өлүгү тоңуп калыптыр. Капканга түшкөнүнө 1 жумадай болгон окшойт да. Аны койгон капкандардын кыдырып жүрүп, өзү көрүптүр", - деди Т.Боталиев.