Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Үгүт айылынын тургундары унаа жолдун жээгинен 3 чоң жырткычтык видеого тартып алышкан. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Үгүт айылынын тургуну, айдоочу Руслан Айдарбековдун айтымында, бүгүн 28-январь күнү Баетов - Кош-Дөбө унаа жолунун де тактап айтканда Кара-Бүргөн айылы менен Ак-Чий айылынын орто ченинен жол жээктеп жүргөн 3 карышкыр жүргүнчүлөр тарабынан тасмага тартылып алынган.
"Бүгүн Кара-Бүргөн айылы тараптан жүргүнчүлөрдү салып алып келе жаткан элем. Болжол менен күндүзгү саат 09:00-10:00 дөр чампмы болчу. Кара-Бүргөн менен Ак-Чий айылынын ортосунда, Ак-Чий айылына чукул жакта болчу. Аңгыча эле, унаанын артында отуруп келе жаткан жүргүнчүлөр "карышкыр жүрөт" деп калышты. Карай калсам жол жээгинен бир аз өйдөрөктө, тоо бетинде жүргөн 1 чоң карышкырды көрүп калдык. Видеого тартып жатып, дагы бирин көрдүк. Ошол эле учурда төөнүн кырында дагы бирөө туруптур. Чоң карышкырлар экен. Нары тоону ашып кетишти", - деди ал.
--
Отправлено из Mail для Android