Кара-Көл шаарынын тургуну Чукунова Орунбу 70 жашка чыксада волейбол ойноп, жарым кылымдан бери билим берүү тармагында эмгектенип келет деп билдирет аймактык кабарчы.
Орунбү апа 1955-жылы Үч-терек районуна караштуу Жазы-Кечүү айылында, мугалимдин үй-бүлөсүндө төрөлгөм.
Эки уул, 1 кыздын энеси. Он бир неберенин чоң апасы, 2 неберенин тайнеси.
Орунбу Чукунованын айтымында, 1986-жылдан бери тынымсыз волейбол ойноп келет.
"Ошол 1986-жылдан бери республикалык, областык, район, шаардык мелдештерге катышып, командам менен байгелүү орундарды багындырып келе жатам. Мисалы Ысык-Көлдө жыл сайын эл аралык деңгээлде өтүүчү турнирге Жалал-Абад облусунун кыздардан куралган курама команда менен Барып байгелүү орундарга же болбосо 2-3-орундарды алып келебиз. Менин дагы бир кубанычтуу күнүм 2023-жылы 35+ деген жаштар менен Ысык-Көлдөгү эл аралык оюнга барганым, анда 68 жашта элем, 2-оорунду ээлеп кайттык. Ошондо эң улуу оюнчу деп сыйлык тапшырышкан", - деди Орунбү апа.
Быйыл жаңы жыл жаңырып, 12-январда Ош облусунун Өзгөн шаарында Энелер лигасынын 9-айлампасы болуп, мен Сузак командасы менен оюнга катышып келдим. Он жети команда катышып, 50+, 55+ айымдар арасында болуп өттү. Мына ушул жерде жаштарга үлгү катары мени көрсөтүшүп, Кыргызстан аялдар волейболунун өнүгүшүнө, анын тарыхында өчпөс из калтырган зор салымы жана көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн легендарлуу волейболчу айым деген номинацияны ыйгарды.