Жалал-Абад облусунун Шамалды-Сай шаарында поезд менен «Хендей Портер» кагышып, калаага кирген негизги жол 2 сааттай жабык турду. Бул тууралуу Turmush басылмасына окуянын күбөлөрү билдирди.
Алардын айтымында, жол-транспорт кырсыгы бүгүн, 24-ноябрда саат 10:00 чамасында болгон.