Шакиев гимн өзгөртүлө турганын жарыялады

Bulbul
Скачать
Просмотров: 5
 
Опубликовано 25 Октября 2024, 13:42

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев өлкөнүн мамлекеттик гимнин өзгөртүү керек экенин билдирди.

Анын билдирүүсү интернетке тарады.

«Гимнди өзгөртөбүз. Аны кабыл алганда СССРден чыккан маал болчу. Азыр биз бутуна турган, өнүгүү жолуна түшкөн мамлекетпиз», - дейт Шакиев.

Ал гимн тууралуу бүгүн, 25-октябрда Жогорку Кеңештин жыйындар залында салтанаттуу иш-чарада сүйлөдү.

Парламенттин басма сөз кызматы да Шакиевдин билдирүүсүн жарыялады:

«Гимн - мамлекеттик же социалдык бирдиктин символу катары кабыл алынган салтанаттуу ыр. Андыктан мамлекеттик гимн бардыгы ырдап, аткара алгыдай, жалпыга бирдей ыргакта болушу керек. Тагыраагы, беш жаштан 90 жашка чейинки өлкөбүздүн жарандары кайсы учур, кандай кырдаал болбосун оңой ырдап кеткидей жазылышы зарыл.

Биздики буга чейин да өзгөртүлүп, текстинен бир куплети алынган. Мындай өзгөртүүлөр башка өлкөлөрдө да болуп келет. Андыктан, эгемендигибиздин негизги символу саналган гимнибиздин текстин да кайрадан карап чыгып, бүгүнкү күндөгү чакырыктарга жана өлкөбүздүн өнүгүү багытына ылайыктап, элибизди мекенчилдикке жана өнүгүүгө карай үндөгөн өзгөртүүлөрдү киргизүүбүз кажет», - деди Шакиев.

Ал жаңы текст коомчулуктун талкуусуна коюлуп, акын, тарыхчы, окумуштуу, композитор өңдүү тиешелүү адистердин кароосунан өтөрүн билдирди.

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик гимни 1992-жылы 18-декабрда Жогорку Кеңештин токтому менен бекитилген. Гимндин сөзүн Жалил Садыков, Шабданбек Кулуев, музыкасын Насыр Давлесов менен Калый Молдобасанов жазган. 2012-жылдын 27-декабрында Жогорку Кеңештин токтому менен гимндеги экинчи куплет алынган.